super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясы Садыр Жапаров боюнча ЖКнын чечимине нааразы

 
Белгилүү болгондой, 26-декабрдагы ЖКнын жыйынында депутат Садыр Жапаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндөгү КРнын Башкы прокуратурасынын сунуштамасынан баш тартуу боюнча токтом кабыл алынды. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай жыйынтыкка КСДП фракциясынын депутаттары өкүнүч менен мамиле кылат. Аталган маселе боюнча фракциянын көз карашы буга чейин эле расмий жарыяланган. Тактап айтканда, кылмыш фактылары боюнча мыйзам чегинде жазык иши козголгон ЖКнын депутаттарынын кол тийбестигин алып салууга макулдук берүүнү жактап чыгарын фракция мурдатан эле билдирип келген жана бул позициясынан азыр дагы тайбайт. "Укук коргоо органдары жүйөлүү негиздер менен тастыктап алып чыккан сунуштама көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоого алынбагандыгы, тилекке каршы, чоң өкүнүчтөрдү жаратат. Парламент коомчулуктун талабына жараша кескин башталган коррупцияга каршы күрөштүн отуна суу сепкендей кылды. Мындай практика "кол тийбестер тобун" болтурбоого жана сот адилеттигин жандантууга өбөлгө түзө албайт",- деп эсептейт КСДП фракциясы. Алардын айтымында, депутаттын мыйзамсыз ишке тиешеси бар экендиги тийиштүү негиздер менен тастыкталган учурда аны депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндөгү маселе эч кандай шектенүүсүз колдоого алынышы зарыл болчу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: