Нарын шаарында жеңил унаа менен троллейбус кагышты
Бүгүн, 15-апрелде Нарын шаарынын Ленин көчөсүнөн троллейбус менен Nissan үлгүсүндөгү автоунаа кагышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, троллейбус МСО аймагынан чыгышты көздөй бара жатып жеңил унаа менен кагышып, жолдон чыгып кеткен. Ал эми жеңил унаанын оң капталы жараксыз абалга келген.
Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору Медина Султаналиева: “Унаалардын кагылышуусунан адамдар жаракат алышкан жок. Бул жол кырсыгына жеңил унаанын айдоочусу күнөөлүү болуп табылды. Анткени ашып өтүү учурунда жол эрежесин бузган”,- деп билдирди.
Учурда Нарын ШИИБи тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
kulgeldi1

16.04.2014. 08:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нарънда болгону 2 кана тралейбус болсо анысыда кагылып калганын карабайсынарбы.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.