super.kg logo
  Саясат  

Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы менен "Манас" университетинин ортосунда кызматташууга кол коюлду

 
Бишкек шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын үчүнчү отуруму өттү. Анын жүрүшүндө ТүркПА катчылыгы менен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу 15-апрелде ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган меморандумга ТүркПАнын Эл аралык катчылыгынын башкы катчысы Жандос Асанов, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Себахаддин Балжы жана проректору Асылбек Кулмырзаев кол коюшту.
Маалыматта айтылгандай, аталган кызматташтык меморандумунун негизинде ТүркПА жана "Манас" университети биргеликте кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга аракеттенишет.

Ошондой эле түрк тилдүү элдердин уюмдарынын мындан аркы кызматташуусу үчүн зарыл болгон кыргыз, түрк тилдеринен котормочуларды даярдоо маселесине көңүл бурушат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: