Япониядан келген сумо спортунун чеберлери Бишкекте тажрыйбалары менен бөлүшүшөт

Бишкекке Япониядан профессионал сумочулар келип, өз тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Япониянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. Алардын айтымында, азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Так маалымат жакын арада белгилүү болот.
Кошумчалай кетсек, элчиликтин планы ишке аша турган болсо, 26-апрелде Бишкекке Корю Тадахару жана Моконами Сакаэ аттуу сумочулар келишет. Сумо спортунун чеберлери Бишкекке болгон сапарында алгач өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, мастер-класс көрсөтүшөт. 27-апрель күнү көрсөтмө беттештер жана чакан мелдеш орун алат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
mr.Ada

16.04.2014. 00:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде да сумочулар барбы?!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.