Англиялык “Манчестер Сити” эң ири айлык төлөгөн клуб катары 1-орунду сактап калды
"Манчестер Сити" бул курамды ири суммадагы каражатка кураган.

Англиялык “Манчестер Сити” футболдук клубу спорттук клубдардын ичинен эң ири айлык төлөгөн клуб катары 1-орунду сактап калды. "Sporting Intelligence" жана "ESPN" басылмалары жүргүзгөн изилдөөнүн ушундай жыйынтыгы тууралуу кечээ, 15-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, “Манчестер Ситинин” оюнчулары орто эсеп менен аптасына 156 миң доллар акы алышат. Клубдун 1 оюнчусунун 1 жылдык маянасы 8,1 миллион долларды түзөт.
Экинчи орунду “Нью-Йорк Янкиз” бейсбол клубу ээлейт. Клубдун оюнчуларына аптасына 154 миң доллар төлөнөт (жылына 8,03 миллион доллар).
Алдынкы бештикте “Лос-Анжелес Дожерс” бейсбол командасы (аптасына 149 миң төлөйт), “Реал” (аптасына 145 миң), “Барселона” (143 миң) футболдук клубдары бар. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.