ӨКМдан шашылыш эскертүү: Айрым аймактарда кар көчкү жүрүү коркунучу бар
2014-жылдын 15-апрелинен 18-апрелине чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-апрелде кабарлады.
Маалым болгондой, тоолуу райондордо, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды этият болууга чакырып, унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин баса белгилейт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.