Депутаттар “Ош-Бишкек жолунда кырсыктан каза тапкан милиция кызматкерлеринин маселесин парламентте талкуулоо керек” дешүүдө
Парламенттин 16-апрелдеги жыйынында депутаттар жакында Ош-Бишкек жолунда кырсыктан каза тапкан 2 милиция кызматкеринин ишин парламентте талкуулоону сунушташууда. Сунушту депутат Бөдөш Мамырова айтты. Анын билдиришинче, бул иште кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн.
“Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Ош-Бишкек жолунда сак болгула” деп улам-улам телефондорго кабар жиберип жаткан. Милиция кызматкерлерин атайын техника жүктөп берип жолго кечинде чыгаргыдай кимдин кызыкчылыгы бар? Жыйынга ички иштер министрин чакырып, маселени кеңири талкуулашыбыз керек”,- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

