super.kg logo

Жоомарт Оторбаев Медициналык академиянын 75 жылдык мааракеси менен куттуктады

 

Бүгүн, 16-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 75 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти: 

“Кымбаттуу И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкерлери! Урматтуу дарыгерлер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын эмгек жамаатын, жогорку окуу жайдын негизделишинин 75 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын! Ушул жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы ар түрдүү адистиктеги жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоо боюнча ири окуу-илимий борбор болуп калды.

Академиянын пайдубалын Москва, Ленинград, Харьков, Киев жана Ташкент шаарларынан келген профессорлор менен окутуучулар түптөшкөн. Мындай салтанаттуу күндөрү биз Медициналык академияны түзүүнүн башатында турган жана көп жылдар бою ак эмгеги менен окуу жайын педагогикалык устаттыктын жана илимдин чыныгы борборуна айланткан инсандарды сый-урмат менен эскеребиз.

Академиянын профессордук-окутуучулук курамы окуу-тарбиялык процесстин сапатын жогорулатуу үстүндө максаттуу түрдө иштеп келатат, дайыма чыгармачылык изденүүдө жүрөт жана замандын талаптарын реалдуу турмушту эске алуу менен чечүүгө жөндөмдүү. Жаңы илимий медицина мектептерин жана багыттарды түзүү, кадрларды даярдоо, өлкөбүздүн алдынкы илимий-изилдөө мекемелери менен тыгыз кызматташып, эл аралык байланыштарды бекемдөө үчүн көп аракеттер жасалууда.

Медициналык академияда 6 миңден ашуун студенттер, интерндер, клиникалык ординаторлор жана аспиранттар окушат. Алардын арасында көп өлкөлөрдүн – АКШ, Непал, Ооганстан, Иордания, Түркия, Корея, Индия, Пакистан, Австралия, Германия, КМШ өлкөлөрүнүн жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү бар.

Медициналык академия өз окутуучулары менен сыймыктанууга толук укуктуу, алардын ичинде дүйнөгө атагы чыккан көрүнүктүү илимпоздор арбын. Медициналык академиянын көптөгөн бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн медициналык уюмдарында ийгиликтүү эмгектенип жатышат.

Академиянын жамааты өзүнүн даңазалуу устаттарынын татыктуу салттарын сактап, мындан ары да кыргыз медицина илиминин өнүгүшүнө зор салымын кошот деп ишенемин.

Сиздерге чын жүрөктөн бекем ден соолук, пландардын жана идеялардын ишке ашып, чыгармачылык ачылыштарды, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү үчүн багытталган үзүрлүү эмгегиңерде мындан ары да көп-көп ийгиликтерди каалаймын!

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: