super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Медициналык академиянын 75 жылдыгы менен куттуктады

 

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-апрелде Медициналык академиянын 75 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти: 

"Урматтуу педагогдор жана студенттер!

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын 75 жылдык мааракеси менен куттуктайм!

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын арасында өзгөчө орун ээлейт. Анын басып өткөн жолу Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын калыптануу тарыхына үндөш. Өлкөбүздүн калыптануу тарыхы.

Окуу жайынын негизин Москва, Санкт-Петербург, Киев, Харьков, Ташкент жана Алматынын Медициналык институттарынын окумуштуулары менен окутуучулары түптөгөн.

Академик, СССР Медициналык академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын президенти, Борбордук Азияда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган атактуу хирург Иса Коноевич Ахунбаев көп жылдар бою ушул жерде эмгектенип, кыргыз медицинасынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Медакадемияда жүздөгөн изилдөөлөр, диагностиканын жана дарылоонун жаңы ыкмалары иштелип чыккан. Какиш Рыскулова, Мирсаид Миррахимов, Мамбет Мамакеев, Дүйшө Кудояров, Миталип Мамытов, Санжарбек Данияров, Арстанбек Мурзалиев, Мария Нанаева өңдүү академиктердин, профессорлордун илимий-педагогикалык мектептери калыптанган.

Ардактуу достор!

Өткөн муундардын, атактуу агаларыбыздын, эжелерибиздин эмгеги менен түптөлгөн Кыргыз медициналык академиясынын даңазалуу тарыхы, мыкты салттары сиздерди көп иштерге милдеттендирет.

Медициналык академия дарыгер деген жогорку наамга татыктуу жаш адистерди даярдаган билим берүүчү жана илимий борборго айланууга тийиш. Кыргызстанга кызмат кылган, өлкөнүн жаркын келечегине салым кошкон мекенчил атуулдарга муктажбыз.

Баарыңыздарга чың ден соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалайм. Кыргызстаныбыз тынчтыкта  гүлдөп-өнүгө берсин!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: