super.kg logo
  Саясат  

“Мурунку акыйкатчынын кемчилигин кайталабайын деп жатам” деди Бактыбек Аманбаев  

 

“Мурунку акыйкатчынын каталарын кайталабайын деп жатам” деди акыйкатчы Бактыбек Аманбаев парламенттин 16-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, Акыйкатчы институту мыкты иштеш үчүн каржы маселесин чечүү зарыл.

“Менин башкы максатым – конституциялык милдетимди так аткарып, жарандардын укугун жеткиликтүү коргоо. Бул үчүн каржы маселесин чечүү керек. Кызматкерлер - менин оң колум, аларды дайыма колдойм”,- деген акыйкатчы былтыр Акыйкатчы институтунда 8 кызматкер иштен мыйзамсыз бошотулуп, анын кесепетинен институт 2 миллион сомдук зыян тартканын кошумчалады.

Жыйында депутаттар Акыйкатчы институтунун айрым кызматкерлерине жетекчи тарабынан негизсиз сөгүш жарыяланып жатканын айтышты эле, Аманбаев муну четке какты. “Мен ишти алдыга жылдыруу үчүн талап койгом, талап катуу болмоюнча көп жетишкендиктер болбойт”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: