Акыйкатчы оор жана жеңил кылмыш кылган аялдардын камакта чогуу отурганына каршы
Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев оор жана жеңил кылмыш кылган аялдардын камакта чогуу отурганына каршы. Муну ал парламенттин 16-апрелдеги жыйынында айтты. Анын билдиришинче, абакта мындан башка да көйгөйлөр көп.
“Соттолгон аялдар кылмыштарынын оор же жеңил экенине карабай түрмөдө чогуу отурушат. Аялдар отура турган дагы бир абак куруу зарыл”,- деген Аманбаев Акыйкатчы институтунун 2013-жылдагы отчёту мурунку акыйкатчы Турсунбек Акундун тушунда жасалган иштердин жыйынтыгы экенин билдирди.
Депутаттардын суроолорунан кийин Аманбаев “мурунку акыйкатчынын иш жыйынтыгын начар деп айта албайм” деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

