super.kg logo
  Саясат  

Металлургия тармагында иштеген ишканалардын негизги каражаттарын салыктан бошотуу демилгеленүүдө

 
Бүгүн, 27-декабрдагы ЖКнын жыйынында өкмөт тарабынан сунушталган металлургия тармагында иштеген ишканалардын негизги каражаттарын кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотуу демилгеси талкууланды. Мындай салык түрүнөн бошотула турган ишканалардын катарында Таш-Көмүр алюминий эритүү заводу да бар. Мыйзам долбоору Кыргызстанда металл эритүүчү ишканалар тармагына инвестиция тартууга кеңири жол ачуу максатында иштелип чыккан. Талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан кошумча нарк салыгы жаңыдан салынып жаткан ишканалардын негизги каражаттарынан эмес, өндүрүлгөн өнүмдөн алынышы керек экендиги белгиленди. Мындай пикирди депутат Карганбек Самаков да колдоду. Анын натыйжасында 8 миллион 600 миң сом салык кыскарганы менен, ал завод иштей баштаса, чоң суммадагы киреше түшө баштайт. Ал эми депутат Жылдыз Жолдошова бул мыйзам долбооруна каршы болуп, "баарын эле салыктан бошото берсек, мамлекеттик казына толбойт, калк турмушу жакшырбайт" деди. Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: