super.kg logo
  Спорт  

Америкада көркөм гимнастика боюнча жеңүүчү аталган кыргызстандык жаш спортчулар ой бөлүштү

 

Кыргызстандык жаш спортчулар 3-6-апрель күндөрү АКШнын Огайо штатынын Коламбус шаарында жаш жеткинчектер арасында өткөн көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдешке катышып келишкен. Бүгүн, 16-апрелде мелдеште жеңүүчү аталган спортчулар өз сезимдери менен бөлүштү.

2 алтын медалга ээ болгон 11 жаштагы Айша Изабекованын айтымында, аталган мелдеш ага терең таасир калтырды. “АКШда башка мамлекеттин катышуучулары менен таанышууга убакыт болгон жок. Мен машыктыруучума абдан ыраазымын”,- деди ал.

“Мелдеш абдан кызыктуу болду. Мен өзүм үчүн көп тажрыйба алдым. Кийинки жылы да катышууга аракет кылам”,- деди күмүш медалды жеңип алган 10 жаштагы Жамыйла Сыдыгалиева.

Топ менен өнөр көрсөтүү боюнча 1-орунду ээлеген 7 жаштагы Аделина Эсенбекова: “Мага АКШ жакты. Мелдештен тышкары биз өлкөнүн музейлерине барып келдик”,- деп журналисттер менен бөлүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
16.04.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыңар
18.04.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аззамат кыздар экенсинер! Мындан да чон мелдештерде 1-орундарды камсыз кылгыла. Ата-эненерге жана машыктыруучунарга ыраазычылк билдирем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: