Америкада өткөн көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдешке кыргызстандыктардан башка 500гө чукул спортчу катышкан
Кыргызстандын жаш гимнасттары катышкан АКШда болгон эл аралык мелдешке 500гө чукул спортчу катышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелдеги маалымат жыйынында КРнын Көркөм гимнастика боюнча федерациясынын вице-президенти Назира Айдарова билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
"Биринчиликке Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 9 жаш гимнаст кыз катышты. Биз жалпысынан 9 медалга ээ болдук",- деди ал.
Эске салсак, 3-6-апрель күндөрү АКШнын Огайо штатынын Коламбус шаарында көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдеш орун алган. Ага 12 мамлекет катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.