super.kg logo
  Саясат  

Баяс Турал “Элдик курултай” кыймылынын жетекчиси болуп шайланды

 
 “Элдик курултай” кыймылынын жетекчиси болуп тарыхчы Баяс Турал шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде аталган кыймылдын жетекчисинин орун басары Акылбек Атабаев маалымат жыйында билдирди.
"Элдик курултайдын” мурдагы төрагасы Кадыр Кошалиев төрагалык кызматын бошотуп бергендигине байланыштуу Улуттук кеңеш бир добуштан аталган кыймылдын жетекчиси кылып Баяс Туралды шайлады",- деди Акылбек Атабаев.
Кыймылдын жаңы төрагасы Баяс Турал жыйында эл үчүн курултайдын мааниси өтө зор экенин айтып өттү. "Мен кыймылдын жетекчилик кызматын улантып кеткени жатам. Курултай – өлкөнүн зарыл структурасы. Буга чейин бизде бир катар курултайлар өттү. Атам замандан бери кыргыз эли өздөрүнүн маселесин курултайларда талкуулап, чечип келген. Эл өз мүдөөсүн бийликке жеткире албаса, курултай бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө болуп бере алат",- деп билдирди “Элдик курултайдын” төрагасы.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: