Марат Султанов: “Конституцияда “парламент акыйкатчынын отчётуна баа бербейт” деп жазылып турат”
Парламентте депутаттар акыйкатчынын 2013-жыл боюнча отчётуна баа берүү маселесинде бир пикирге келе албай жатышат. Айрым депутаттар “акыйкатчынын маалыматына парламент баа бериш керек” дешсе, айрымдары “маалыматка баа берилбейт, эске алынат” дешүүдө.
Марат Султанов: “Конституцияга ылайык, акыйкатчынын баяндамасына парламент баа бере албайт, маалыматын гана угат. Акыйкатчы Жогорку Кеңештен көз карандысыз болуш үчүн ушундай норма кирген. Ооба, мурун башкача болчу, азыр башка. Конституцияга каршы келген мыйзамдар болсо, аларды өзгөртүшүбүз керек”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

