super.kg logo
  Саясат  

Баяс Турал: “Элдик курултай жөнүндө мыйзам иштесе, митингдер азаймак”

 

"Кыргызстан 23 жылдан бери өзүнүн ордун таппай жатат жана адамдар анархиялык коомдук системде жашап жатышат",- деп билдирди бүгүн, 16-апрелде "Элдик курултай” кыймылынын төрагасы Баяс Турал.

Айтымында, кыймыл Кыргызстанда "КРнын элдик курултайы жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышына ниеттенүүдө.

"Кыргызстанда 2012-жылы январь айында элдик курултай тууралуу мыйзам кабыл аынган. Бирок аны менен эч ким иштебей, таштап салышкан. Кыргыздарда тарыхый орунга ээ, эң күчтүү демократиялык институт - элдик курултай. Бардык элдерде ушундай институт бар, болгону ал ар башка жерлерде башкача аталат. Эгерде элдик курултай жөнүндө мыйзам иштесе, анда коррупция жана митингдер азаймак. Мыйзам боюнча элдик курултайдын курамына, жашап жаткан элдин санына карабай ар бир айыл округдан бирден өкүл кирмек. Мындай маселелер ар бир райондун делегаттары менен жыйындарда талкууланмак",- дейт Баяс Турал.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: