super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште референдум жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда четке кагылды

 

Жогорку Кеңеште “КРнын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору бүгүн, 16-апрелде 2-окууда четке кагылды. Мыйзамдын демилгечиси депутат Бакыт Төрөбаевдин айтымында, 2010-жылдан бери Конституциянын акыркы редакциясы иштеп жаткандыктан, анын талаптарына ылайык келе тургандай жаңы конституциялык мыйзамды иштеп чыгуу зарылчылыгы жаралды. Мыйзамга ылайык, 10 миң шайлоочу, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт гана мыйзам демилгелей алышат.

Андан сырткары жалпы элдик добуш берүүгө жатпай турган маселелер да аныкталды. Алар: согуш жана тынчтык, КРнын Президентинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана узартуу, депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо, жеке жана юридикалык жактарды салык түрлөрүнөн бошотуу, согуштук абал киргизүү, мунапыс жарыялоо жана ырайымдуулук кылуу.

Добуш берүүдө мыйзам долбоору өтпөй калды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: