"Криминалдык авторитет" Камчы Көлбаевдин иши боюнча сот отуруму 7-майга жылдырылды
"Криминалдык авторитет" Камчы Көлбаевдин иши боюнча сот отуруму 7-майга жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон бүгүн, 16-апрелде билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Көлбаевдин иши Жогорку Сотто каралмак.
Айта кетсек, 2013-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "кримавторитет" Камчы Көлбаевди "акча талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийин Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Буга да макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.