super.kg logo
  Саясат  

Социалдык фонддун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзамга кол коюлду

 

Бүгүн, 2014-жылдын 16-апрелинде Алмазбек Атамбаев «Социалдык фонддун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2014-жылдын 13-мартында кабыл алган.

Мыйзам менен Социалдык фонддун 2014-жылга бюджетинин жана 2015-2016-жылдарга божомолунун негизги параметрлери бекитилди.

Алсак, Социалдык фонддун 2014-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 37324,1 миллион сомду жана чыгашалар 37338,7 миллион сомду түзөт. 2014-жылга Социалдык фонддун бюджетинин дефицитинин чеги 14,6 миллион сомду түзөт.

Ошондо:

2014-жылы пенсиянын базалык бөлүгүн төлөп берүүгө каражаттардын жылдык керектөөсүнөн 90 пайыз республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат;  

Социалдык фондго республикалык бюджеттен 2014-жылы 14 800 миллион сом каралат;

Социалдык фонддун администрациялык чыгашалары түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнөн 3 пайыздан ашпаган өлчөмдө түзүлөрү жана чыгымдалары белгиленди.

Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: