“Реал” финалда “Барселонаны” утуп, Испаниянын Кубогуна ээ болду




Кечээ, 16-апрель түнү Валенсиядагы “Месталья” стадионунда Испаниянын Кубогунун финалында мадриддик “Реал” менен каталондук “Барселона” кез келип, “Реал” жеңүүчү аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мадриддик “Реалдын” курамынан Анхель Ди Мария алгач эсепти ачып, оюндун биринчи бөлүгү мадриддик клубдун үстөмдүгү астында жыйынтыкталды. Экинчи таймда “Барселона” оюн эсебин теңегени менен, тең эсепти сактап кала алган жок. Оюндун жыйынтыкталарына 5 мүнөт калганда “Реал” экинчи голун киргизип, жеңишке жетишти.
Кошумчалай кетсек, “Реал” бул кубокту өз тарыхында 19-ирет жеңип алды.
“Барселона”-“Реал” – 1:2
Голдор: Анхель Ди Мария (11-мүнөттө), Марк Бартра (68-мүнөттө). Гарет Бэйл (85-мүнөттө).
Copa Del Rey. "Реал" - "Барселона"

Барсага жанылануу керек эми, андай болбосо стимул жок. Пеп кетип туура кылыптыр. эми жаны тренер жаны защитниктер керек. Реал жакшы ойноду. куттуктайм Реалдын куйормандарын. бул сезондо 3 жолу ойношту 2 жолу Барса утту, 1 жолу Реал утту. жакшы оюн болду!
Бирок Баварияга каршы туруу кыйын, утса болот, ар бир клуб оз оюндагыдай ойной албай оюнун таппай калган учур болот, ошондой учурду жаратуу керек жакында Боруссия Д. Баварияны уткандай, ал учун Реалдан коп куч,акыл, амал кучтуу тактика талап кылынат.Мен эки командага тен ка