Кытайда 4 колдуу жана 4 буттуу болуп төрөлгөн ымыркайдын абалы жакшы
Кытайдын Гуандун провинциясынын Хойчжоу шаарында 4 колдуу жана 4 буттуу болуп жарыкка келген ымыркайдын ашыкча мүчөлөрү алынып салынды. Учурда анын ден соолугу жакшырууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, дарыгерлер ымыркайга бир нече саат операция жасап, анын ашыкча мүчөлөрүн алып салышкан. 3 килограмм салмакта төрөлгөн наристенин салмагы операциядан соң 600 граммга азайган. Дарыгерлердин айтымында, эгиздер энесинин курсагында эле жакшы өнүкпөй калгандыгынан бири-бирине жабышып калышкан. Ошондой эле алар ымыркайдын тубаса жүрөк кемтиги жана пневмония менен ооруй тургандыгын аныкташкан.
Баланын атасы Чен мырза уулунун оорулуу болуп төрөлүп калышына өзүн күнөөлөп, "Мен акча-акча деп жүрө берип аялыма көңүл бурбаптырмын. Аялымды медициналык текшерүүдөн өткөрсөм болмок экен. Бул мен үчүн сабак болду" деп бармагын тиштеп жаткан кези.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Врачка корунбой жургондон эмес,
кайдан билесин, убагында текшерилип берки бала зыяны жок экенин билишип, анан королгондо кош эгизин алып салалы дешкендир,
торолгондо*
туйулдуктор пайда болгон кундон баштап эле кошо биригип жаралганго
ымыркайга кудай ден соолук берсин.