super.kg logo

Бишкекте тергөө абагында отурган Орусиянын жараны Абдымалик Мырзаевди колдоо боюнча пикет өтүп жатат

 

Бүгүн, 17-апрелде Бишкекте Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында “Элдик фронт” коомдук уюмунун лидери, Орусиянын жараны Абдымалик Мырзаевди колдоо боюнча пикет болуп өттү. Нааразылык акциясында анын туугандары жана досторунан турган 10 адам катышты. 

А.Мырзаевдин тууганы Расул Мырзаевдин айтымында, 2014-жылдын февраль айынан тарта Абдымалик Мырзаев СИЗОдо отурат. "Ал мыйзамсыз кармалган деп ойлойбуз. Ал “мамлекеттик төңкөрүштү уюштуруу”, “мыйзамсыз куралдуу топ түзүү”, “ок атуучу куралды сатып алууга аракет кылуу” деп күнөөлөнүп жатат. Мындан тышкары ага Орусиянын пайдасына "тыңчылык" беренеси боюнча да кылмыш ишин козгоого аракет кылышууда. Камакта ал ур-токмокко алынып жатат деген пикирдебиз. Бирок А.Мырзаев менен жолугушууга жол бербей жатышат, ошондуктан далилдеп бере албайбыз. Ал эми анын адвокатына ушул боюнча маалыматты жарыялоого тыюу салып коюшкан. Бүгүн биз Орусиянын элчилигинин консулу А.Мырзаев менен жолугушуусун суранып чыгабыз. Анткени, мыйзамга ылайык, консулдардын камакта отурган жарандар менен жолугушууга толук укугу бар. Биздин оюбузча, А.Мырзаевди кармоо - саясий буйрутма. Себеби ал убактылуу бийликти сындап келген”,- деди Расул Мырзаев.

Эскерте кетсек, Орусиянын жараны Абдымалик Мырзаев КРнын Улуттук банкынын төрагасынын мурунку орун басары кызматында иштеп келген. Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде да анын туугандары пикетке чыгышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
17.04.2014. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мунусу чындыгында ото эле аша чаап кетиптир, мамлекетти суйбогонубуз, сыйлабаганыбыз....
17.04.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булардагы Крымга окшотуп жатат анан россия келет солдатары менен биз мекендештерибизди коргойбуз деп анан эмне болот? Анан референдум откорот ошонтип кайра россияга кошулуп калабыз
17.04.2014. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оруссиянын жараны болсо Кыргызстанда балээ барбы бул адамга, келсе коноктой болуп жон келип жон кетпейби, мен президент болсом башка олко жарандыгына откон мурунку кыргыз жарандарына олкого кирип чыгуу тартиптерин катуулатат болчум, эгер шпиондугу аныкталса дароо атууга буйрук бермекмин, ал эми момундай сепаратисттик маанайдагы тууган-туушкандарын камап салмакмын... Кыргызстанда демократия эмей эле анархия орун алды, эртен американецтер, кытайлар, талибдер митинг откорот Бишкекте бул кетиште!
17.04.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Turtkuch, мындан ачык соз жок, туп туура жазыпсын. Саткындар, камап салыш керек. Паспортун алып алып дагы чыккынчылык кылып жургонун.
17.04.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Manasasman, Кечиресин мен дагын Оруссиянын жараны б.э.Мага окшогон Оруссиянын жарандыгын алган кыргыздар 100 ден ашуу.Биз РФ жарандыгын айла жоктон КРда жумуш жоктугунан алдык.Андан сон РФда бут тапкан акчаларыбызды КРна жонотобуз уй салабыз, туугандарыбызга жардам беребиз.
17.04.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
donchik81, ал туура, бирок копчулугу биз эми Россиянын канатындабыз дегендей тур корсотуудо Кыргызстанга барып да,мыйзам боюнча силер эми мурункудай КР жараны эмессинер Кыргызстанда оюнарга келгенин кылгыдай.Ошондуктан башка олко жарандыгына откон мурунку кыргыз жарандарына олкого кирип чыгуу тартиптерин катуулатуу туура болот,Кыргызстанга мурункудай кирип чыгасынар бирок мыйзам-эрежелерге баш ийип, тизгинди тартып дегендей. Болбосо любой чет элдик атуул КРде оюна келгенин кыла берсе болчу беле
17.04.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саткын сатат баарибир!
17.04.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жондон жон эле кармабаса керек. Бир кылгылыкты кылган да. Кылган куноосуно жараша жазасын алсын да.
17.04.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстан дебей эле пикетстан деп коюш керек болуп калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: