super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Ала-Букадагы Чанач-Сай суу сактагычынын экинчи этабынын курулушун баштоону сунушташууда  

 

Парламентте бүгүн, 17-апрелде Ала-Букадагы Чанач-Сай суу сактагычынын курулушунун экинчи этабын баштоо маселеси көтөрүлдү. Депутат Акуналы Досалиевдин билдиришинче, аталган суу сактагычтын биринчи этабы 15 жыл мурун бүтүп, экинчи этабы башталбай жатат.

“Маселе “Ата Мекен” фракциясында, Жалал-Абадда өткөн жергиликтүү кеңештин кошмо жыйынында жактырылды. Бул суу сактагычтын курулушу менен миңдеген гектар талаа сугат жерге айланары белгилүү болуп турганына карабай маселе Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясына кирбей жатат. Айыл чарба министри тез-тез алмашып, буга жетекчилер жакшы көңүл бурбай жатышат”,- деди депутат.

Досалиев өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө кайрылып, бул көйгөйдү чечүүгө колдоо көрсөтүүнү өтүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: