“Ворух анклавынын үстүндөгү жайыттарга постторду койбосок болбойт” деди депутат Кочкоров
Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жыйынында депутат Улукбек Кочкоров “Ворух анклавынын үстүндөгү жайыттарга постторду койбосок болбойт” деп билдирди. Депутат чек ара боюнча парламент кабыл алган токтомдор аткарылбай жатканын айтат.
“Токтомдор аткарылбагандыктан, чек арада чатактар уланууда. Жакында Ворух анклавынын үстүндөгү жайытта чатак чыкты. Мурунку токтомдо бул жайыттарга постторду коюу сунушу айтылган, бирок аткарылган жок. Токтомдор аткарылбаса, мындай окуялар токтобойт”,- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

