super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Талас облусунда болду

 

Бүгүн, 17-апрелде президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Талас облусунда болду. Бул тууралуу президенттин маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Президент Талас облусунун Кара-Буура районундагы асфальт-бетон заводун ишке берүү иш-чарасына катышты. Иш-чарага өлкө башчысы менен транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева да катышты.

Алмазбек Атамбаев иш сапарынын жүрүшүндө «Манас-Ордо» комплекси менен Манастын күмбөзүндө болуп, куран окутат. Президент күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарына кайтып келери айтылды.

Маалым кат: Асфальт-бетон заводун куруунун негизги бөлүгү 24,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат түрк грантынын эсебинен каржыланды. Заводдо саатына 120 тонна асфальт аралашмасы өндүрүлөт. Заводдун ишке кириши менен 20 адам жумушка алынары маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: