Казакстандын президенти бөлүп берген акчага Ошто курулуп жаткан мектеп туура эмес жерге салынып жатканы айтылууда
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан Ош шаарында жаңы мектеп курууга бөлүнгөн акчаны туура пайдалануу зарыл. Парламенттин 17-апрелдеги жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева жаңы мектеп туура эмес жерге салынып жатканын айтып чыкты. Айтымында, жаңы мектеп курулуп жаткан жерде 3 мектеп катар жайгашкан.
"Мектептин курулушуна Кызыл-Кыштак айылынын аймагынан 4 гектар жер бөлүнүп берилген. Бирок мэрия мектеп бөлүнгөн жерге эмес, Ош шаарындагы №20-гимназиянын жанына салганы жатат. Шаардын башка аймагында мектеп жетпей жатса, жаңы мектепти билим берүү мекемеси жетиштүү жерге салуунун кандай зарылчылыгы бар?"- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

