Түштүк Кореяда кырсыкка учураган кемедеги жүргүнчүлөрдүн 287си дайынсыз болууда (фото)
Кеменин чөккөнгө чейинки көрүнүшү


Кеменин чөккөнгө чейинки көрүнүшү










Түштүк Кореяда кырсыкка учураган кемедеги жүргүнчүлөрдүн 287си дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде reuters агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, учурда кырсыктан каза болгондордун саны 9га жетти. Ал эми 179 жүргүнчү куткарылды. Калгандары дайынсыз болууда.
Айта кетсек, кечээ, 16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда жалпы 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыгышкан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери. Кырсык жээктен 100 чакырым алыстыкта катталган. Анда кеме суу алдындагы тоо кыркаларын сүзүп алган. Мындан улам кеме чөгө баштаган. Буга коюу тумандын себеп болгону айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Ичинде 125 тей жеңил машина, 75 тей контейнер, трактор ж.б лар болуп оор болгондуктан тез эле чөгүп кетти да.
Кырсык каш кабактын ортосунда экенда, андай дейбиз мындай дейбиз, ошондогу абалды бир гана өзүлөрү билбесе