super.kg logo
  Саясат  

Аида Салянова: “Ош окуясы боюнча сотко өткөн иштердин жарымынан көбү токтоп турат”

 

2010-жылкы Ош окуясына айыпталуучулардын бири Кадыржан Батыровду экстрадициялоо боюнча Кыргызстандын кайрылуусуна Швейцария жооп бере элек. Муну парламенттин 17-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Айтымында, Батыровду кайтарып алуу боюнча аракеттер уланып жатат.

“Июнь окуясы боюнча 307 кылмыш иши сотко жиберилген. Анын 33ү кыскартылды, жарымынан көбү токтоп турат. Себептери: Жоопко тартылчу адамдар качып кетишкен. Өз учурунда толук кандуу тергөө иштери жүргөн эмес. Июнь окуясы боюнча айыпталуучуларды экстрадициялоо маселеси каралууда, бирок мактанарлык иш жок. Айрымдары жарандык алып алышкан, айрымдары качкын статусун алганы жатат. Бул процессте экстрадициялоо маселеси токтойт экен”,- деди башкы прокурор. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: