super.kg logo

Кыргызстанда гемофилия илдети менен 134 өспүрүм катталган

 
Бүгүн, 17-Апрель - Бүткүл дүйнөлүк гемофилия күнү. Кыргызстан боюнча аталган илдет менен 350 адам катталган. Анын 134ү 16 жашка чыга элек өспүрүмдөр. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Эне жана балдарды коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүнүн гематолог-дарыгери Раушан Мотушева маалымдады.

"Каттоого алынган балдарды дарылоо убактысы оор же жеӊил формасынан көз каранды. Кээ бири 2 аптада, айрымдары 2 ай бою дарыланат. Быйыл 3 айдын ичинде эле аталган оору менен жабыркаган 5 бала катталды. 2013-жылы 12 бала катталган эле",- дейт Р.Мотушева.

Маалыматка ылайык, гемофилия тубаса тукум куучу кан оорусунун бир түрү жана кандын көп агышы менен мүнөздөлгөн дарт. Дарт кандын курамындагы сегизинчи жана тогузунчу кан уютуучу фактордун жетишсиздигинен улам пайда болот. Эгер адамда 8-фактор аз болсо, гемофилиянын А түрү деп аталат. 9-фактор аз болсо, Б түрүнө кирет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: