Бишкекте жаштардын курултайына миңден ашуун жаштар жыйналды
Бүгүн, 17-апрелде Бишкекте кыргыз жаштарынын биринчи курултайына 1500гө жакын жаштар жыйналып, жыйындын башталышын күтүп турушат. Аны “Жаштар өкмөтү” кыймылынын өкүлү, Жогорку Кеңештеги "ак жолчу" экс-депутат Максатбек Кунакунов уюштурууда.
Уюштуруучулардын бири Дайырбек Орунбеков делегаттар республиканын 7 облусунан келгенин айтты. Ошондой эле курултай кыргыз тарыхында биринчилерден болуп мамлекеттик деңгээлде өтөрүн кошумчалады.
Курултайда негизги үч маселе каралат: жаштар тарабынан даярдалган жаңы Баш мыйзам, Кыргызстанды өнүктүрүү программасы, буга чейин “Жаштар өкмөтү” бийликке койгон 7 талаптын аткарылышы боюнча резолюция кабыл алынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















