Ош академиялык музыкалык драма театрынын “Ханышанын көз жашы” спектакли Түркмөнстанда өтүүчү эл аралык фестивалда коюлат
Бабур атындагы Ош академиялык музыкалык драма театры 14-18-апрелде Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтчү эл аралык театр фестивалында “Ханышанын көз жашы” аттуу спектаклин тартуулайт.
Аталган театрдын жетекчиси Бахтияр Тухтаматов билдиргендей, чыгарманын өзөгүн Курманжан датканын тарыхы түзөт.
"Бул чыгарма 2007-жылы Тажикстанда өткөн эл аралык театр фестивалында баш байгени өңөрүп кайткан. Ошондой эле 2009-жылы Ташкентте өткөн фестивалда 2-орунду камсыз кылган",- деп кошумчалады театрдын жетекчиси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















