Башкы прокурор: “Кумтөр” боюнча 2003-жылкы келишимге кол койгон кызматкерлердин кылмышынын эскирүү мөөнөтүн алып салууга парламент жетишпей калды”
Жогорку Кеңеш “Кумтөр” боюнча 2003-жылкы келишимге кол койгон кызматкерлердин коррупциялык кылмыштарынын эскирүү мөөнөтүн алып салууга үлгүрбөй калды. Муну бүгүн, 17-апрелде парламент жыйынында башкы прокурор Аида Салянова айтты.
“Коррупциялык кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 10 жыл. Прокуратура ишти сотко өткөрүп берген, сотто кылмыштардын эскирүү мөөнөтү аяктады. Мындан кийин сот ишти токтотууга мажбур болду. Муну менен күнөөлүүлөр таптаза болуп кетет дебейм, өмүр бою аларда так калат”,- деп билдирди башкы прокурор. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

