super.kg logo
  Саясат  

Кылмыш иши козголсо, Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрүн артка чакыртып алууга жол берген мыйзам долбоору каралууда

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 17-апрелде Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин көтөрүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. 

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Токтогул Тумановдун айтымында, КРнын Конституциясында судьялар парламент тарабынан шайланары айтылып, аларды кайра чакыртып алуу жол-жобосу камтылбай калган. Ошондуктан судьянын кылмыш жоопкерчилиги келип чыккан учурда анын талапкерлигин көрсөткөн фракцияга судьяны кайра чакыртып алуу укугу берилгени жатат. Мындай чара судьялардын жоопкерчилигин жогорулатууга түрткү берет.

Талкуу жүрүшүндө конституциялык мыйзамга сунушталып жаткан жоболорду Конституциянын талаптарына шайкеш келтирүү, судьяларды тандоодо юридикалык иш тажрыйбасын эске алуу пикирлери айтылды. Демилгечилер сунуштар экинчи окуунун жүрүшүндө эске алынарын билдирди.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: