super.kg logo
  Саясат  

Максат Кунакунов: “Бийлик саясий шылтоолор менен саясатчыларды куугунтуктаганын токтотушу керек”

 

Бийлик саясий шылтоолорду айтып саясатчыларды куугунтуктоону токтотушу керек. Бул тууралуу бүгүн жаштар курултайында “Жаштар өкмөтү” кыймылынын лидери, экс-депутат Максат Кунакунов кыймылдын программасы менен тааныштырып жатып билдирди. 

"Кыргызстанда жаштардын мындай биригүүсү биринчи ирет болуп жатат. Андыктан биздин биригип жатканыбыз чоң иш. Биз коомдо чоң күч болушубуз керек. Кыргызстанда бийлик саясий шылтоолорду айтып жаштарды куугунтуктап жатат. Бийлик куугунтуктоону токтотушу керек. Бир башты жок кылса, эки баш пайда болот, эки башты жок кылса, көп баш пайда болот",- деди Кунакунов.

Кыргызстанда бийлик партиясына же тегине карабай, иштейм деген жаштарды, таза адамдарды иштетүүгө тийиш деп кошумчалады.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: