super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Казакстандын парламент төрагалары Бажы биримдигине кирүү маселесин талкуулашты

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде Казакстандын парламентинин Мажилис төрагасы Кабибулла Жакупов менен жолугушту. Жолугушуу Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын, ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын жана ЕврАзЭШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындарынын алкагында болду.

Анда парламенттер аралык кызматташуунун келечеги, эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу багыттары талкууланды.

Асылбек Жээнбеков К.Жакуповду Казакстан парламентинин Мажилис төрагасы кызматына шайланышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жолго коюлган парламенттер аралык байланыштар мындан ары дагы ыкчам өнүгөрүнө бекем ишенерин билдирди. Төрага кыргыз тараптын Парламенттер аралык комиссиянын кезектеги 4-жыйынын 2014-жылы июнда Бишкек шаарында өткөрүүгө даярдыгын маалымдады. 

Кабибулла Жакупов Кыргызстан Казакстандын стратегиялык өнөктөшү, боордошу, коңшусу экенин белгилеп, казак тараптын кыргыз тарапты эки тараптуу да, көп жактуу да форматтарда колдоого даяр экенин айтты.

Тараптар иштелип чыккан жол картасына ылайык алкакта Кыргызстандын Бажы бирлигине кошулуу маселесин талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: