super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу “Жогорку Кеңешке биз эмес, аппарат кызматкерлери кожоюн болуп алышты” дейт

 

Парламенттин 17-апрелдеги жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу “Жогорку Кеңешке биз эмес, аппарат кызматкерлери кожоюн болуп алышты” деп нааразычылык айтты. Анын билдиришинче, депутаттардын статусу төмөндөп бара жатат.

“Мыйзамыбызды өткөрүшүбүз керек болсо, аппараттан уруксат сурайбыз. Алар жарайт десе өтөт, болбосо өтпөйт. Өткөндө жарандардын арызына жооп жазып жөнөтөйүн десем, аппарат кызматкерлери “арыз каттоодон өтпөптүр” деп баш тартышты. Мага көзү азиз жарандар кайрылышкан эле, эми аларды "каттоодон өткөргүлө" деп жөнөтүшүм керекпи? Бюрократияны азайтпайлыбы? Жазган каттарыбызга мекеме жетекчилери эмес, орун басарлары жооп беришет. Парламенттик өлкөдө депутат - жогорку кызматтагы адам. Кайрылуубузга министрлер өздөрү жооп беришсин”,- деди Бакир уулу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: