super.kg logo
  Саясат  

"Түрк тилдүү элдердин орток тили түзүлөт" дейт Бакир уулу

 

Депутат Турсунбай Бакир уулу 16-апрелде "Парламент" радиосундагы түз байланышта Бишкекте өткөрүлгөн ТүркПАнын жыйыны боюнча маалымат берди. Анын билдиришинче, дүйнөдөгү түрк тилдүү элдердин орток тили түзүлөт. 

"Дүйнө жүзүндө түрк тилдүү 50дөн ашык элдер бар. Алардын көпчүлүгү Орусиянын Сибирь, Кавказ аймактарында жашашат. Бирок башка мамлекеттин курамындагы түрк тилдүү элдердин маселеси саясий мүнөзгө ээ экенин эске алганда, ал боюнча орус бийлигинин дагы макулдугу менен эсептешүү керек. Бул гана эмес, Түндүк Кипр Республикасында да саясий талаш жагдайлар бар. Түркиянын экс-президенти Тургут Озал Кыргызстанга алгачкы иш сапары менен келген кезде “XXI кылым түрк элдеринин тили болот” деп айтканы эсимде",- дейт депутат.

ТүркПАнын жыйындарында орток түрк тилин түзүү демилгеси сунушталып, бирок аны бекемдеген чечим кабыл алына электиги айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: