Бүгүн Октябрь райондук соту мурдагы шаар мэри Иса Өмүркуловдун ишин карайт

Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту мурдагы шаар мэри Иса Өмүркуловдун ишин карайт. Бул тууралуу Октябрь райондук соту бүгүн, 18-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, сот отуруму түштөн кийин башталат.
26-март күнү Башкы прокуратура Өмүркуловдун ишин Октябрь райондук сотуна өткөрүп берген эле.
Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-мартта мэр кызматтан кеткен. Экс-мэр "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

