super.kg logo

Баткен облусунун Зардалы айылында жарылуу болуп, эки өспүрүм каза тапты

 

Баткен облусунун Зардалы айылында жарылуу болуп, эки өспүрүм каза тапты. Бул тууралуу Чек ара кызматы бүгүн, 18-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, жарылуу 17-апрель күнү Зардалы айылындагы “Коргон” чек ара заставасында болгон. Белгилүү болгондой, 4 жаштан 10 жашка чейинки 6 бала айыл четинде ойноп жүрүп жардыргыч зат таап алышкан. Этиятсыздыктан улам жарылуу болуп, 5 бала ар түрдүү жаракат алышкан. Ал эми бир бала окуя болгон жерде көз жумган. Дагы бири ооруканада каза болгон.

Зардалы айылы 2000 метр бийиктикте жайгашкандыктан жана Кара-Белек өтмөгү жабык болгондуктан, чек арачылар менен жашоочулар жаракат алгандарды ооруканага жөө алып келишкен. Жопай айылында медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин балдар облустук ооруканага жеткирилишкен. Дарыгерлердин айтымында, жаракат алган балдардын абалы туруктуу. 

Мамлекеттик чек ара кызматы облус жетекчилигине жана күч түзүмдөрүнө окуя боюнча маалымдаган.

Азыркы тапта Зардалыда 20 үй бүлө, 60ка чукул адам жашайт. Башталгыч мектепте 1-класстан 4-класска чейин 25 бала билим алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
18.04.2014. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии жаман болуптур ата-энелериге конул айтабыз
kitikat түзөттү 18.04.2014 09:29
18.04.2014. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Зарыл ишин болбосо зардалыда бок барбы дегендей,ал жаш балдар Зардалыда эмне кылып журуптур?тем более чек арада.Жаман иш болуптур,ата энелерине конул айтам сабыр кылыныздар.
18.04.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
4alma77, не деп салдын алар ошол айылда жашайт ата бабасы жашап келген, чек ара маселеси кечее СССР кулагандан кийин пайда болдуго.Зардалы ото сонун жайлоо ошону тажиктерге алдырып койбош учун Баткен эли кыйналсада мекеним деп жашап келет тоонун башында,а биздин чондор Ак уйду гана коргойт.
18.04.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
мына айттымбы кечее уйубуз,эртен озубузду орттойт деп.Айланайындар биз тарапка да кичине конул бургулачы!!!Эртен 1 нерсе болсо байлык,мансабынар менен эч нерсе кыла албайсынар.Жеп жутарлар бизди тойгуздунар го!!!
Topcubai түзөттү 18.04.2014 10:07
18.04.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
акыры бул чек ара маселесинин учугу чечилер. сабырдын тубу сары алтын. эмне кылабыз эми. Кудай жакшылык берсин. Бийлик деле колунан келгенинин баарын жазап атат. Тажиктер нахалданып атышпайбы.
18.04.2014. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stalker-007, озуно сак бол коншуну ууру кылба!
18.04.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атка минерлердин колунан эч нерсе келбейт!!!ал жакта алардын тууганы же озу жашап коргондо гана чечилет граница проблемасы а так чечише албайт акылы да жетпейт!!!
18.04.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курман болгондорго конул айтам.Кыргызстан_93 туура айтат. Оорунун кадырын оорукчан Жан билет . Зардалыдагы жашоочуларынын койгойун Зардалыда жашап коргондо билесин.
18.04.2014. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну коншу чек арачылар эле кылып жатат. бей капар чырылдап ойноп журсо ал балдар чоноёрун билип акырын бирди таштап койду да. Эми ал жака эч ким басып да барбайт ээн калатда жылып келе беришет. Биздикилер ушул сыякту нерселерди ойлоп таппай акча алганды билет да бир жерге уюшуп алып а чондорубуз олбочудой жашайтда.
18.04.2014. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне учун элдин койгойлорун чечпейт, акмактар!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
18.04.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаныбардында баласы жоголбосун, аман калган балдарга кудайым шыпаа берсин!.
18.04.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Turtkuch, талкуудан алыстабаңыз. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
18.04.2014. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
4-10жаштагы балдарды неге кароосуз чек ара тарапка ойногонго жол коюшат ата-энелери.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: