Өткөн сутка ичинде республика боюнча 11 өрт кырсыгы катталды
Өткөн сутка ичинде республика боюнча 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 4, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Чүй облусунун Сокулук районундагы Романовка айылында турак үйдөн өрт чыгып, бөлмөнүн 4 чарчы метр жыгач полу жана эмеректер күйүп кеткен. Кырсыктын айынан үй ээси жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Маалыматтарга ылайык, өрт электр жабдууларын колдонуудагы шалаакылыктан келип чыккан. Өрт кырсыгы тууралуу маалымат 23:56да түшүп, 00:20да өрт толугу менен өчүрүлүп бүткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.