Жааган жамгырдан кийин Жалал-Абад – Көк-Жаңгак унаа жолунун боюнда 1 метрге чейин чуңкурлар пайда болду





Жалал-Абад – Көк-Жаңгак унаа жолунун боюндагы арыкты жаан-чачындардын суулары жууп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кырдаал Октябрь айылынын Көк-Жаңгак шаарын көздөй бара жаткан жолдо орун алган. Анда арыктын 100-120 метрдей аралыгы жуулуп, айрым жерлеринде 1 метрге чейин чуңкурчалар пайда болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-10-02

16:43
2025-10-02
10:49
2025-10-02
19:54
2025-10-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.