super.kg logo

Зардалыда кырсыктаган балдар жарылуучу затты жергиликтүү тургундун чөпканасынан таап алышкан

 

Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылында жарылган зат жергиликтүү тургун Сангимов Махаматтын чөпканасынан табылган. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2014-жылдын 17-апрели күнү саат 19:25те КРнын чек ара кызматынын №2022-аскер бөлүгүнүн ыкчам кезметчиси тарабынан КР ӨКМнын 3-издөө-куткаруу отрядынын ыкчам кезметчисине белгисиз зат жарылгандыгы тууралуу маалымат берилген.

Эске салсак, жарылуу 17-апрель күнү Зардалы айылындагы “Коргон” чек ара заставасында болгон. Белгилүү болгондой, 4 жаштан 10 жашка чейинки 6 бала айыл четинде ойноп жүрүп жардыргыч зат таап алышкан. Этиятсыздыктан улам жарылуу болуп, 5 бала ар түрдүү жаракат алышкан. Ал эми бир бала окуя болгон жерде көз жумган. Дагы бири ооруканада каза болгон.

Алар Баткен согушунан калган гранатаны таап, ойноп жатып жардырып алышкан. Учурда экөөнүн абалы оор.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.04.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баткен согушунун бери кандай еч ким тапкан емес канча жыл отту, же ал уйдо еч ким жашабайбы,кызык эгер ал уйдо бироо жашаса. 25 жылда уйдун ееси учуратпаганы ал гранатаны?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: