Баткен. Кадамжайда мугалимдерге коопсуз жүрүм-турум эрежелери боюнча сабактар өткөрүлдү
	
				
			
				
			
				
			Кечээ, 17-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районундагы мектеп мугалимдери, айыл округдардын өкүлдөрү, мектеп окуучулары жана кооптуу аймактардын жашоочулары үчүн турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери жана коопсуз жүрүм-турум эрежелери боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзүнчө куткаруу отрядынын окуу борборунун жарандык коргонуу кафедрасы тарабынан сабактар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Сабактын негизги максаты жарандык коргонуунун мамлекеттик системи, калкка ыкчам кабар берүү системи жана усулдары, өзгөчө кырдаалдар учурунда жүрүм-турум эрежелери боюнча кабар берүү болуп саналат.
Окутуунун аягында ар түрдүү өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турум эрежелери жөнүндөгү материалдар таркатылды.
				 
				 
				 
				
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 













