"45 жаштагы айымдын сумкасын күч колдонуп тартып алган" деп шектелип Бишкек шаарынын эки тургуну кармалды
Бишкек ШИИББинин түнкү милициясы тарабынан Бишкек шаарынын 1988-жылы туулган С.Руслан жана 1987-жылы туулган С.Темирлан
аттуу тургундары талап-тоноочулукка шектелип кармалышты. Бул тууралуу Бишкек
ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-апрелде билдирди. Белгилүү болгондой, 45 жаштагы С.Тамара аттуу жаран 25-30 жаштардагы белгисиз жарандар күч колдонуп акча жана
билерик салынган сумкасын тартып алышканы тууралуу арыз жазган. Түнкү милициянын аракети менен
жогорудагы С.Руслан жана С.Темирлан аттуу жарандар изи сууй электе кармалышкан. Учурда иликтөө
иштери уланууда.
Автор: Мирлан Өмүралиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nura27

19.04.2014. 16:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аша акча сурап басып журот ошол акчаларды болуштуруп албастан каралбай калган зданияларды калыбына келтирип жумушчу орундарды ачса уурулук азаят беле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.