super.kg logo

Зардалыдагы жардыруудан кийин Чек ара кызматы Баткендин жана Чоң-Алайдын тургундарына кайрылуу жасады

 

Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусунун Зардалы айылындагы жаш балдардын өлүмүнө алып келген кырсыкка байланыштуу кайрылуу жасады. 1999-жылы согуш учурунда жардыргыч заттар калып кетиши мүмкүн.

Мындан улам Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундарынан белгисиз заттарды таап алууда күч түзүмдөрүнө, укук коргоо органдарына кайрылууну өтүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 2001-жылдан бери Баткен аймагында чек арачылар тарабынан 10 ок атуучу курал, 15 мина, 3 гранатомёт, ФАБ-90 үлгүсүндөгү 7 авиабомба жана миңден ашуун ар кандай калибрдеги согуштук каражаттар табылганы айтылган.

Эске салсак, жарылуу 17-апрель күнү Зардалы айылындагы “Коргон” чек ара заставасында болгон. Белгилүү болгондой, 4 жаштан 10 жашка чейинки 6 бала айыл четинде ойноп жүрүп жардыргыч зат таап алган. Этиятсыздыктан улам жарылуу болуп, 5 бала ар түрдүү жаракат алган. Ал эми бир бала окуя болгон жерде көз жумган. Дагы бири ооруканада каза болгон.

Алар Баткен согушунан калган гранатаны таап, ойноп жатып жардырып алышкан. Учурда экөөнүн абалы оор.

   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
18.04.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алайга эмне учун кайрылуу жасады?
18.04.2014. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чек ара министири буга чейин эмне жумуш кылып журушот.эми бул балдарга ким куноолу .мумкун бул жардыргычтарды жаны эле койушкандыр коншу олкодон келген шпиондор .Эх качан биздин олко онолот экен ээ.
18.04.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустар айтмакчы "Театр, начинается с вешалки" дегендей "Мамлекет - чек-арадан башталат"- ушуну эсинерден чыгарбасанар бийликтеги кыйындар.
18.04.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Качан жардыруу болуп бироо жарым олгондо кайрылуу жасап,иш кылган адам болуп корунбой,алдын ала чара корсо болбойбу!!!
18.04.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чек ара маселесин чечишти дагы унутуп калды,эртен дагы бироо жарымды атып,бир тополон болгондо анан кыбырай баштайт,же анынсынан бир майнап чыкса!!!
18.04.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Президет Атамбаев, 50,25 мин сомдон жардам бериптир, уят эле.Элин,жерин ойлосо чек ара маселесин чечип койсо болот болчу.Айланайындар,Кудай кааласа чек ара маселеси да чечилип калаар деп олтурбай. Бийлике келгендердин козу корбой,кулагы укпай калат окшойт.
18.04.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
кыргызстан ушу жоголойн эле деп калдык окшойт
18.04.2014. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы бир 10 жыл чыдап койолу кыргызым элим каарып пенсияга кеткенде алар анан башкарабыз жаштар а так алар бербейт
20.04.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meerimbek_kudaiberdiev, туура айтасыз биздин бийлик тубунон чириген, буларды жер алгандан кийин башка жолго тушсок керек...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: