super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Баткендеги жарылуудан каза болгон балдардын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, акчалай жардам бөлдү

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-апрелде Баткендин Зардалы айылындагы жарылуудан каза болгон балдардын ата-энелерине көңүл айтты. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү буларды билдирет:

"2014-жылдын 17-апрелинде Баткен облусунун чек арага жакын районунда буюм экен деп жардыруучу жабдыкты байкоосуздан кармап алып, натыйжада эки бала каза тапкандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алды. Мамлекет башчы Бекболот Умаровдун, Нойгут Касымалы уулунун ата-энесине жана туугандарына көңүл айтат.

Президент жарылуунун натыйжасында жаракат алган төрт баланын тезирээк сакайып кетишин каалайт.

Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон жана жаракат алгандарга 25 миң сомдон материалдык жардам берүү, жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө керектүү медициналык жардам жана көмөк көрсөтүү тууралуу тапшырма берди.

Өлкө башчы КРнын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилерине жергиликтүү бийлик менен бирдикте мындан ары ушул сыяктуу трагедияларга жол бербөө үчүн чара көрүү милдетин тапшырды".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: