Ысык-Көл. Коррупция менен күрөшүү боюнча Тоң району жана Каракол шаардык мэриясы толук кандуу иш алып бара албагандыгы маалым болду
“Коррупцияга каршы туруу чаралары жөнүндөгү” президентин жарлыгын аткарууда, Тоң райондук администрациясы, Каракол шаардык мэриясы толук кандуу иш алып бара алган эмес. Мындай чечимди Ысык-Көл облусунун аймагында коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Координациялык кеңеш алардын берген отчёту менен таанышкан соң чыгарды. Ал эми Ыйгарым укуктуу өкүлдүн “коргонуу жана укуктук тартип” бөлүмүнүн маалыматына таянсак, аталган мыйзамды аткарууда облустагы прокурорлор тарабынан үстүбүздөгү жылдын 11 айынын ичинде 122 текшерүү жүргүзүлгөн. Облуста коррупцияга бөгөт коюу иштеринин аткарылышы туурасында ыйгарымдуу өкүлдүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетов билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

