super.kg logo

Бишкектеги унаалар "көрүстөнү" (фоторепортаж)

 
Бишкек боюнча 2012-жылга караганда 2013-жылы жол кырсыгы көп катталды. 2013-жыл аралыгында 654 жол кырсыгы катталган, 27 адам каза болуп, 811и ар кандай деңгээлде жаракат алган.
Ал эми 2014-жылдын биринчи кварталында 653 жол кырсыгы катталып, 23 адам көз жумса, 701 адам ар кандай жаракаттарды алган.
Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматына бир сутка ичинде 40тан ашуун жол кырсыгы тууралуу чакыруу түшөт.
Анын ичинен жаракат алган адамдар боюнча 5-6 факты болсо, 7-8и материалдык чыгым менен коштолот. Мындан сырткары айдоочулар өздөрү ич ара чечишип алган учурлар, жалган чакыруулар да катталат. Ошондой эле өлүм менен аяктаган жол кырсыктары да кездешет.
МАИ кызматкерлеринин айтуусунда, коопсуздук жаздыкчалары ар кандай оор жаракаттардан бир топ эле сактайт.
Бырчаланып талкаланган бул айнек сымал күн кур калбай Кыргызстандын ар кайсы бурчунда адамдын өмүрү да талкаланып жатат.
Мындай талкаланган унааларды көргөндө рулга отургуң да келбей калат экен.
Акыркы мезгилде айдоочулар унаанын ылдамдыгына көп көңүл бурушууда, ал эми ылдам унаада адамдын өмүрү да ошондой ылдам өтүп кетишин көбү ойлобосо керек...

Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматына бир сутка ичинде 40тан ашуун жол кырсыгы тууралуу чакыруу түшөт. Анын ичинен жаракат алган адамдар боюнча 5-6 факты болсо, 7-8и материалдык чыгым менен коштолот. Мындан сырткары айдоочулар өздөрү ич ара чечишип алган учурлар, жалган чакыруулар да катталат. Ошондой эле өлүм менен аяктаган жол кырсыктары да кездешет. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде SUPER.KG порталына Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы, милициянын майору Тилек Оторов билдирди.

Бишкек боюнча 2012-жылга караганда 2013-жылы жол кырсыгы көп катталды. 2013-жыл 1-кварталында 654 жол кырсыгы катталган, 27 адам каза болуп, 811и ар кандай деңгээлде жаракат алган. 

Ал эми 2014-жылдын биринчи кварталынын ичинде 653 жол кырсыгы катталып, 23 адам көз жумса, 701 адам ар кандай жаракаттарды алган. 

Анын айтымында, жаан-чачын болгон учурда, кышында жол кырсыктарынын саны кескин өсөт. Бир учурда нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу 10дон ашык чакыруу түшүп калат. Ойноп, тамашалап чалгандар да бар. 

"Айрым унаалардын ичинде кимдир бирөө каза тапкан болсо, туугандары алып кетпей да коёт. Ал унаалар кээде 3 жылга чейин айып төлөөчү жайда тура берет. 3 жылдан кийин соттун чечими менен алар сатылып, андан түшкөн каражат шаардык Жол-кайгуул кызматынын казынасына түшөт",- деп кошумчалайт Тилек Оторов.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
18.04.2014. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ош-Жалалабатта болгондо буларды касаптар талап кетмек, эч нерсеге жарабаган болуктору эле калбаса, аларды да металлалом деп кытайларга сатып жиберишет...
18.04.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Turtkuch, Бишкекте деле болсо керек касаптар, а так Ошто болгондо ххх жыргашмак кайра озубузго запчасть кылып сатып
Модератор admin_superstan түзөттү 18.04.2014 16:10
18.04.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kara_kyrgyz, таап айттын да...:)
18.04.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Kara_kyrgyz, башкалардын улутун кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
18.04.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1-ден олкодо машине ото кобойду, техникалык коопсуздук эрежелерине туура келбеген машинелер ото коп
2-ден Кыргызстандын любой облусунан акчага окубай эле айдоочу куболугун сатып алса болот, мындайча айтканда ГАИшниктер оздору бизди кылмышка туртуудо
3-дон машинен менен бироолорду койдуруп кетип олтуруп алсан да штраф, тиги тарапка бираз акча беруу менен кутулуп кетесин тааныш-билишин кучтуу, чонток толо акча болсо.
Буларды алдын алуу, жою бийликтин милдети, туура саясат ийгилик
Turtkuch түзөттү 18.04.2014 15:23
18.04.2014. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mairam_80, кабарда 2013- жана 2014-жылдардын 1-кварталдары салыштырылып жатат.
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 18.04.2014 17:11
18.04.2014. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кобу сол рулдуу машинелер го. Кырсык каш-кабактын ортосунда да. Жолдорго реагент, кумдар себилбесе. Донгологу тазтын башындай болсо албетте коп авария болот да. Жаны айдап жургондор кышкы донголок эмне экенин деле билишпейт
19.04.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул жерде турган автоунаалар, жол эрежесин бузуу менен катталган кырсык ж.б. байланыштуу келип калгандар.Аны сот ж.б. териштируулор буткончо бербейт.Сот буткондо келсен кунуно "мынча сом" деп сенин автоунаадан кымбат акча айтышат ошол себептуу калып кеткен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: