Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев "Ак-Буура дарыясынын абалы мышык ыйлагыдай" дейт
Бүгүн, 18-апрелде Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүү программасынын долбоору боюнча коомдук талкуу болду. Ага катышкан шаар мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы көйгөйлүү маселелерге токтолду.
"Ошту "чоң кыштак" дегендерди угуп жүрөбүз, буга кошулбайм. Ош шаары - Кыргызстандын тарыхый борбору. Бирок Ак-Буура дарыясынын абалына мышык ыйлайт. Тиешелүү жетекчилер, өз ишиңерди так аткаргыла. Ошондой эле шаарда ишкердикке тоскоол болбошубуз керек. Шаардын өнүгүшүнө салым кошом дегендердин сунушун четке какпашыбыз керек",- деди мэр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

